Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Орусияда «Коррупцияга каршы күрөш фондунун» кеңселери тинтилди


Фонддогу тинтүү учуру. Архив.
Фонддогу тинтүү учуру. Архив.

Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген «Коррупцияга каршы күрөш фондунун» аймактардагы кеңселеринде тинтүү иштерин жүргүзүүдө. 15-октябрда полиция фонддун Уфадагы, Саратовдогу, Самарадагы, Екатеринбургдагы, Ярославлдагы, Челабинскидеги жана Новокузнецкидеги кеңселерин тинтип чыкканын көз каранды эмес "ОВД-Инфо" уюму билдирди.

Навальныйдын фондунун директору Иван Жданов «Твиттерге» жазгандай, ушундай эле тинтүү иштери Белгород, Воронеж сыяктуу дагы жети шаардагы кеңселерде жүргүзүлдү. Ал полиция мындай аракети менен фондго болушунча көп материалдык зыян келтирүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Орус полициясы бул рейддер боюнча расмий маалымат бере элек. Бирок өткөн аптада Орусиянын Юстиция министрлиги Навальный негиздеген «Коррупцияга каршы күрөш фондун» «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кошкон болчу.

XS
SM
MD
LG