Глобалдык ачарчылык көйгөйүн иликтеп жүргөн уюм (Global Hunger Index - GHI) XIV жылдык баяндамасын жарыялады. Анда глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлде ачарчылыктын кесепети, тамак-аш тартыштыгынын балдардын саламаттыгына тийгизген таасири иликтенген.
Уюм өз иликтөөсүндө быйыл 117 өлкөдөгү маалыматты салыштырып чыккан. Ага ылайык, 43 өлкөдө ачарчылык олуттуу көйгөй бойдон калууда. Чад, Мадагаскар, Йемен жана Замбия тамак-аш тартыш өлкөлөрдүн сап башында турат. Борбордук Африка Республикасында кырдаал өтө кооптуу.
Өнүккөн өлкөлөр бул иликтөөгө кирген эмес, бирок алардын арасында азык-түлүк коопсуздугу сакталбаган мамлекеттер бар экендиги белгиленет. Евробиримдиктеги өлкөлөрдө жашаган 15 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн 18% азык-түлүк коопсуздугу жагынан жетиштүү камсыздалган эмес.
Уюмдун тизмесиндеги өлкөлөрдүн ичинен Украина, Румыния, Черногория, Хорватия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Беларус ачарчылыктын деңгээли 5 баллга чейинкилердин тизмесинде. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 5,5, Кыргызстан 8,8, Өзбекстан 10,7, Түркмөнстан 11,8 балл экени көрсөтүлгөн. Тизменин аягында Ооганстан 33,8 балл көрсөткүч менен турат.