Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

АКШ түрк министрлерин «кара тизмеге» киргизди


Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштады.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштады.

Санкция салынган аткаминерлердин сап башында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар турат. Андан тышкары ички иштер министри Сулейман Сойлу жана энергетика министри Фатих Дөнмездин АКШдагы акчалай операциялары токтотулат.

- АКШ аймакта туруксуздук орноп, түрк күчтөрү тарабынан зомбулуктун күч алышына Түркиянын өкмөтү жооптуу деп эсептейт, - деди Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин. Вице-президент Майк Пенс Трамп Эрдоганды Сирияга чабуулду токтотууга чакырганын маалымдаган.

Пенс жакында 160 миңден ашуун адам коопсуз жактарга качып кеткен аймакка бара турганын кошумчалаган.

Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрда чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.

Ал арада сириялык күрддөрдүн күчтөрү түрк жоокерлеринин чабуулунун мизин кайтаруу боюнча расмий Дамаск менен макулдашканын билдиришти жана Сирия өкмөтүнүн аскерлери 14-октябрда Тел Тамер шаарына келип жайгаша баштаганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG