Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Фермерлер малдын сапатын арттыруу боюнча окуудан өтүштү


Алай районунун Гүлчө айылы.
Алай районунун Гүлчө айылы.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бодо мал баккан фермерлердин жана малды уруктандыруу боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, малды сандан сапатка өткөрүү боюнча Алай районунун Гүлчө айылында фермерлер окутулду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ага хан фондунун Алай кеңсесинин өкүлү Аида Элкеева билдирди. Окутуу фонддун «Бай Алай» долбоорунун алкагында болду. Иш-чарага 200дөй фермер катышты.

Андан тышкары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун бодо мал баккан фермерлери жана уруктандыруу боюнча иштеген адистери келди.

Фермерлерге бодо малды жасалма жол менен уруктандыруу, жасалма уруктандыруунун өзгөчөлүктөрү, малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча маалыматтар берилди. (ErN/BTo)

XS
SM
MD
LG