Парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко 2019-жылдын сегиз айынын ичинде төрт миң милиция кызматкери тартип бузганын билдирди. Эл өкүлү министр кадр тандоо маселесине көңүл бурушу керек экенин белгиледи.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 31 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгонун, күнөөсү далилденсе жазасыз калбай турганын айтты. Министрликтин маалыматына караганда жыл башынан бери кылмыш иштеринин материалдары жоголуп кеткени боюнча 63 иш козголгон. (TSh)