Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Ошко Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан делегация келди


15-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеп келген делегация мүчөлөрү менен жолукту.

Алар айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, соода тармагын өнүктүрүү боюнча маселерди талкуулашты. Калаа башчысы Кытай тарапка ишкерлерди колдоо багытында долбоорлорду сунуш кыла турганын айтты.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG