Өзбекстандык белгилүү ырчы, 13 жылдан бери чыгармачылык менен эркин алектене албай келаткан Озода Нурсаидова (Саидзода) «кара тизмеден» чыгарылды. Бул тууралуу ырчы өзү «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдын 13-октябрында Ташкенттеги «Түркистан» маданият сарайында «Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси жыйын өткөрүп, анын чыгармачылыгына мындан ары тыюу жок экендиги расмий кабарланды. Бул маалыматты жергиликтүү бир катар агенттиктер да жазышты.
1990-жылдардын аягында таанылган Озода Нурсаидова 2006-жылдан тартып өз өлкөсүндө концерт коё албай, ырлары телерадиодон берилбей калган. Анын себеби так айтылган эмес. Айрым булактарда ырчы азыркы президент Шавкат Мирзиёев өкмөт башчы болуп турганда ага каршы сын-пикирлеринен улам ушул абалга кептелгени айтылган.
Эркин чыгармачылыкка жол ачылганы маалым болгондон соң Озода Нурсаидова 15-октябрда Интернет аркылуу видеокайрылуу жасап, мамлекет башчы Мирзиёевге терең ыраазычылыгын билдирди.
Соңку жылдары Озода Нурсаидова коңшу мамлекеттерде, Түркияда бир канча концерт уюштурду.
Өзбекстанда бийлик далысын салган ырчылардын «кара тизмеге» түшүшү туңгуч президенти Ислам Каримовдун тушунан бери уланып келатат.
«Азаттыктын» архиви, Озода менен маек: