Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Зулушев: депутат мыйзам жазбашы керек (видео)


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусунда маек куруп жатып депутаттардын мыйзам жазуу регламентин өзгөртүш керек экенин айтты. Эл өкүлү мыйзамды өкмөт, тийиштүү органдар, жарандар жазып, парламент аларды кылдат иликтеп кабыл алып гана бериши керек деп эсептейт. Учурда Жогорку Кеңеш айрым долбоорлорду жакшы талкуулаганга үлгүрбөй кабыл алып, мыйзамдар чийки болуп калып жатат.

- «Депутат мыйзам жазбашы керек» деп регламентти оңдош керек. Депутаттын иши - мыйзамды талдап, оң-терс жактарын жакшылап иликтеп кабыл алуу же четке кагуу. Өкмөт же тийиштүү органдар мыйзамды жазып келсе туура болот, - деди депутат.

«Арай көз чарай»: Сот реформасында Жогорку Кеңештин орду кандай?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы V сессиясында 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алган. 500дөн ашык парламенттик талкуу, коомдук талкуу өтүп, жарандардан 20 миңдей кат келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG