Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:42

Эргешов: Кыргызстанда азыр 3294 диний уюм бар


Бишкек шаарындагы мечит.

Кыргызстанда жалпы жонунан 3294 диний уюм бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жалпы жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, 3294 диний уюмдун ичинен 2665и мечиттер жана казыяттар. 69у ар кандай фонддор. Андан тышкары медреселер да бар.

Өлкөдө соттун чечими менен 20 экстремисттик уюмдун ишине тыюу салынган. Ал эми диний уюм түзүш үчүн кеминде 200 адамдын макулдугу керек жана ал нотариустан күбөлөндүрүлүшү зарыл.

Зайырбек Эргешов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтпөй туруп иш алып барган уюмдар жок экенин, эгерде мындай учурлар катталса аларга күч органдары чара көрөрүн билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG