Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Эки кыргыз университети Борбор Азиядагы эң мыкты 200 окуу жайына кошулду


Борбор Азиядагы Америка университети.
Борбор Азиядагы Америка университети.

Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен «Quacquarelli Symonds» компаниясы Европа менен Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, рейтингге 350 университет кошулган. Кыргызстандын эки жогорку окуу жайы - Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети мыкты 190 жогорку окуу жайынын катарынан орун алган. Биринчиси 163-орунда болсо, экинчи окуу жайы 190-катарда жайгашкан.

Рейтингдин башында Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети турат.

Мыкты окуу жайларынын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык аброю, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий басылмалардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

«Quacquarelli Symonds» – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген. (BTo)

XS
SM
MD
LG