Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Абдылдаевдин «Мен Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлдү (видео)


Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай).
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай).

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) «Мен Кудаймын» деген сөзү экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жалпы жыйынында айтты.

Парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Ал депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып, теңирчилик Кыргызстанда диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн, ошондуктан диний уюм катары эсептелбей турганын билдирди.

Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган.

Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Кеңири коомчулукка "Зима не будет" (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, Интернетте кызуу талкуу жараткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG