Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Кара-Суу: Жамааты иш таштаган жетекчи кызматтан кетерин билдирди


Марат Шарипов.
Марат Шарипов.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов 17-октябрдан тартып кызматынан өз эрки менен кетмей болду. Бул тууралуу ал бүгүн жамаат менен жолугушууда айтты.

Ал эми иш таштаган кызматкерлер Мамлекеттик курулуш агенттигине жазган арызынын жообун күтүп жатканын, мындан аркы аракети ошого жараша болорун билдиришти.

Мекеменин 60тай кызматкери 14-октябрда иш таштаган. Ушул жылдын 21-июнунда жетекчиликтин орой мамилесине жана башкармалыктагы акча топтоого нааразы болгон 52 кызматкер райондук мамлекеттик администрацияга жана Мамлекеттик курулуш агенттигине арыз менен кайрылышкан.

Ал арыз үч ай аралыгында каралып, бул убакытта Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов убактылуу кызмат ордунан четтетилген. Мекеменин юристи Майрамбек Бойтоевдин маалыматы боюнча, кызматкерлердин арызы каралып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 14-октябрда кайра эле Марат Шарипов жетекчиликке келген.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында жалпысынан 80ге жакын кызматкер иштейт.

Башкармалыктын жетекчиси Марат Шарипов жумуш ордуна мыйзамдуу келгенин айтты. (MdN)

XS
SM
MD
LG