Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Отунбаеванын фонду аймактарда санарипке өтүү боюнча жыйындарды уюштурууда


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференция бүгүн, 16-октябрда Ош жергесинде уланууда.

15-октябрда санариптештирүү процессиндеги дүйнөлүк жана жергиликтүү жетишкендиктер менен мүмкүнчүлүктөр боюнча жыйын Баткен облусунда өткөн. Жыйындар 17-октябрда Жалал-Абадда жыйынтыкталат.

- Өмүр бою бир эле кесипти аркалай албайсың. 3-4 жолу кесибин өзгөртүү деген бүгүнкү күндө мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Демек, баарыбыз Интернет менен тең «сүйлөшүп» иштегенди билишибиз керек. Ошого баарыбыз үйрөнүшүбүз зарыл. Мында мугалимдердин ролу чоң, - дейт Роза Отунбаева.

Конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышууда.

Илимдер академиясынын, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Жогорку технологиялар паркынын, Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Агрардык университеттин, Башкаруу академиясынын окумуштууларынын, бир катар банк жана компаниянын өкүлдөрү ишиндеги ийгиликтери тууралуу айтып берип, суроолорго жооп берип жатышат.

Жолугушуулардын максаты – жергиликтүү жетекчилерге, активисттерге дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы санарип ачылыштар, технологиялар тууралуу айтып берүү.

2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG