Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Донбасста эки украин жоокери көзгө атарлардын огунан ажал тапты


Өткөн аптада Владимир Зеленский Донбасска барган.
Өткөн аптада Владимир Зеленский Донбасска барган.

Украинанын чыгышында согуш жүрүп жаткан аймакта соңку бир күн ичинде эки жоокер өлүп, бирөө жаракат алды. Өлкөнүн аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, эки жоокер көзгө атарлардын (снайпер) огунан ажал тапты.

Өлгөндөрдүн бирөө Башкы штабдын тандалма коопсуздук бригадасынын кызматкери, Полтава облусунун 36 жаштагы тургуну Ярослава Никоненко айым. Анын атасы, ооган согушунун ардагери Сергей Никоненко да мындан төрт жыл мурда Донбасстагы согушта окко учкан.

Жыл башынан бери Донбасстагы согушта баш-аягы 90 украин жоокери курман болду.

2014-жылы апрелде Украинынын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер мамлекеттик мекемелерди, күч органдарынын имараттарын күч менен басып алып, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» («ДНР жана ЛНР») деп жарыялашкан.

Ушул айдын башында Киев, Москва жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанымал документ тууралуу макулдашкан.

Анда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда шайлоо өткөрүп, аларга өзгөчө макам берүү талабына көнгөн.

Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG