Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

ИИМ: Бирөөнүн үйүн тартып алып пайда көргөн кыргыз жараны Москвада кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башка бирөөнүн турак үйүн өзүнө каттатып пайда көргөнү үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 41 жаштагы кыргызстандык 2010-жылы жеке нотариустун жардамы менен жасалма кол коюп, өзүнө таандык болбогон үйдү каттатып алган. Кийин аны банкка күрөөгө койдуруп, 300 миң сом насыя алган.

Ош облусунун Алай райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Учурда кылмышка шектүү адамды Кыргызстанга алып келип жоопко тартуу жолдору такталып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG