Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Милиция жер басып алуу боюнча кармалгандын баарын кайра коё берди


Бишкек. Жаңы конуш.
Бишкек. Жаңы конуш.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин «Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу» деген беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасованын айтымында, 15-октябрдагы муниципалдык жерди басып алуу аракети Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Кармалгандар түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кое берилди.

- Муниципалдык жерди басып алууга аракет кылган 23 адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын ким экени аныкталып, күбө катары суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин баары тең коё берилди, - деди ал.

Садыбакасова белгилегендей, алар Калыс-Ордо конушундагы жети гектар жерди басып алууга аракеттенишкен. Милиция учурда мыйзамсыз аракетти уюштургандарды издөөдө.

Бишкек шаарында үй курууга жер участокторун бөлүп берүүгө мораторий киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG