Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Батукаевдин иши: Жолдубаевага каршы мурдагы судья көрсөтмө берди


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин тергөөдө Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова билдирди.

- Мен анын (ред: Жапар Эрматов) көрсөтмөсүн сөзмө-сөз айтып бере турган болсом ал «Индира Жолдубаева эгерде негиз болсо өтүнүчтү канааттандырып коюуну (ред: Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү) суранган» деп жатат.

Турумбекованын маалыматына караганда, Эрматов Жолдубаева муну президенттик аппараттын сот реформа бөлүмүн жетектеп турган учурда айтканын билдирди. Бирок Жолдубаева мурдагы судьяга телефон чалганын четке каккан.

Жактоочу эгер Жолдубаева мурдагы судья Эрматовго телефон чалган болсо кайсы номур менен байланышканын сот такташы керектигин айтып жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Жапар Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу көрсөтмөсүн караган. Судья ЖАМКтын Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп эле аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн. ​

Ага «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу», «Коррупция» беренелери менен кылмыш иши козголгондон кийин, президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда аны Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматынан бошоткон.

Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин ишине байланыштуу баштапкы соттук угуу өтүп жатат.

Бул иш боюнча учурда «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG