Нидерланддын полициясы Рёйнерволд аймагында кеминде тогуз жыл жертөлөдө жашаган үй-бүлөнү тапты. Полициянын маалыматы боюнча, алты кишиден турган үй-бүлөнүн бешөө 18-25 жаштардагы бир туугандар, алтынчысы алардын атасы. Аларга учурда медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Полиция бул үй-бүлө эмне себептен жертөлөдө жашаганын так айта элек, бирок жергиликтүү басылмалар бул адамдар акыр заманды, кыямат кайымды күтүп, эч жакка чыкпай жашап келишкенин жазып чыгышты.
«Reuters» маалымат агенттиги бул үй-бүлөгө тиешеси жок бир австриялык эркек киши камакка алынганын билдирди. Жергиликтүү медиа бул адам көп жыл мурда ферманы ижарага алганын маалымдады.
Бул ферма тууралуу кабар үй-бүлөнүн улуу баласы үйдөн качып чыгып, жакынкы барга келип, жардам сураганда ачыкка чыккан.
Жергиликтүү тургундар бул үйдө кеминде бир киши жашаса керек деп ойлоп келишкенин айтышты. Бул үй-бүлө тогуз жыл бою фермадагы мал-жандыктар жана огородго эгилген жашылча-жемиштер менен жан багып келгени кабарланууда.