Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен алдыда болчу шайлоолорду талкуулады.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди.
Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).
Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.
Учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылы шайланган. Ал алты фракциядан турат. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2020-жылы өтөт. (BTo)