Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу


"Ак-Тилек" бекетинин жанындагы машинелер. Архивдик сүрөт.
"Ак-Тилек" бекетинин жанындагы машинелер. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

- Азыркы саатка карата “Ак-Тилек” бекетинде 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Кыргыз-тараптан эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары машинеде тыюу салынган каражат же зат жокпу, текшеришет.

Бөрүбаева кошумчалагандай, кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде жөө жүргүнчүлөрдүн же автоунаалардын топтолгону байкалбайт.

Эки өлкө ортосундагы чек арада жалпы 12 өткөрмө пункту бар, азыркы учурда анын сегизи иштейт. Калгандары кайра ачуу тууралуу макулдашуулар аткарыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG