Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Тазабек Икрамов: Жогорку Кеңешке патриот адамдар келет (видео)


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте депутаттар пайда көрчү бюджет жок экенин айтып, мыйзам чыгаруу бийлигине чыныгы мекенчил адамдар келерин билдирди.

Ал бул тууралуу социалдык тармактарда «депутаттар мандатты сатып алышат» деген пикирлер көбөйгөнү боюнча «Азаттыкка» жооп берип жатып айтты.

- Өзүңүздөр билесиздер Жогорку Кеңеште эч кандай бюджет жок. Көптөгөн кыскартууларга бардык. Жогорку Кеңешке чындыгында патриот адамдар келет. Мүмкүн көбү «акча табат» деп башкача ойлошот. Бул жерде өзүнүн мекени үчүн күйгөндөр отурат. Парламентте ыйык трибуна бар. Мына ошол жерде элдин сөзүн өкмөткө жеткирип, болбосо өкмөттө коррупция болуп атса биз гана көтөрүп, «бул жерде коррупция болуп атат, өкмөт туура эмес иштеп атасыңар» деп элдин атынан гана сүйлөй турчу трибуна бар, - деди Икрамов.

Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке шайланып келиш үчүн бир топ каражат сарпталарын ырастады.

- Мурда 100-200-300 миң доллар беришсе, добуштардын кымбатташы менен (ред: кийинки парламенттик шайлоодо) сумма 500 миңден 1 млн. долларга чейин чыгышы мүмкүн. Сөз коомчулукка таптакыр аты белгисиз адамдар жөнүндө болуп жатат. Бирок мен так билем, Кыргызстанда депутат болуш үчүн миллион доллар берүүгө даяр кишилер бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрында болорун кабарлады.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы ишин баштаган. Парламентте жалпы 120 депутат, алты фракция, тогуз комитет бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG