Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Каталония: калайман нааразылык акцияда ондогон адам кармалды


Испанияда нааразылык акциялары 14-октябрда, каталониялык жикчилдердин лидерлери соттолгондон кийин башталган.
Испанияда нааразылык акциялары 14-октябрда, каталониялык жикчилдердин лидерлери соттолгондон кийин башталган.

Испаниянын Каталония аймагында жикчилдердин лидерлерин бошотууну талап кылган калайман нааразылык акцияларында полиция менен демонстранттар кагылышты. Анда 70тей адам жаракат алып, 25 активист камакка алынды.

Миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары Барселона баштаган бир катар шаарларда да өттү. Демонстранттар көчөлөрдү бууп, таштанды челектерди, тосмолорду алып ыргытышты. Полиция аларга каршы желим октор менен көздөн жаш агызган газды колдонду.

Испан өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес калайман тополоңду айыптады. Мунун алдында Барселонада миңдеген адамдар аэропортко барчу жолду тороп алышкан, мунун айынан ондогон учак каттамы үзгүлтүккө учураган.

Испанияда калайман нааразылык акциялары каталониялык жикчилдердин таасирлүү лидерлери, активисттер соттолгондон кийин башталган. Дүйшөмбүдө Жогорку сот тогуз адамды 9 жылдан 13 жылга чейин түрмөгө кескен. Аларга мындан эки жыл илгерки Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдумда «элди өкмөткө каршы үгүттөп, тукурган" деген айып тагылган. Соттолгондордун ичинен бирөөсү дагы күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG