Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:46

Эрдоган эл аралык коомчулуктун талабын четке какты


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-октябрда парламентте сүйлөп жатып, эл аралык коомчулуктун дооматына жооп кайтарды. Ал Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун токтотпой турганын билдирип, дүйнөлүк державалардын талабын четке какты.

- Кээ бир лидерлер ортомчу болгонго аракет кылып жатат. Түрк Республикасы эзели террорчул уюм менен бир үстөлдө отурган өлкө болгон эмес. Биз жоочулар бүгүн эле курал-жарагын таштап, буктурмалардын баарын бузуп, "коопсуз аймактан" чыгып кетишсин деп жатабыз, - деди.

Мунун алдында АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен мамлекеттик катчы Майк Помпео шаршембиде Анкарага барары маалым болгон. Алар расмий Түрк бийлиги менен сириялык күрд кошуундарына каршы жортуулу тууралуу кеңири сүйлөшөрү кабарланган.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу комментарий берип жатып, АКШ чабуулду токтотууну катуу талап кыларын жана Түркияга эң катаал санкциялар колдонуларын эскертип жатканын белгилеген.

Ак үйдүн жарыясында Майк Пенс бейшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада жолугушары күтүлүп жатканы айтылат.

Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрдан тарта чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасына чектеш аймакта «коопсуз аймак түзүү», ал жерди өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG