Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:52

Текебаев: депутат мыйзам чыгаруу укугунан ажырабашы керек


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент депутаты Курманкул Зулушевдин “депутаттар мыйзам жазбашы керек” деген пикирине байланыштуу "24.kg" агенттигине комментарий берген.

“Эл өкүлү өкмөт сунуштаган мыйзамга гана добуш берүү менен чектелсе депутат эмес”, - деди Текебаев. Бирок, ал Зулушевдин айтканында жүйө бар экенин белгилеп, айрым учурда депутаттар кесиптештери сунуштаган чийки мыйзамдарга ар кандай себептерден улам “каршы” добуш бере албай жатканын айтты. Бул маселени Текебаев депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен чечсе болорун кошумчалады.

16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Азаттык» радиосунун «Арай көз, чарай» талкуусунда маек куруп жатып депутаттардын мыйзам жазуу регламентин өзгөртүш керек экенин айткан. Эл өкүлү "мыйзамды өкмөт, тийиштүү органдар, жарандар жазып, парламент аларды кылдат иликтеп кабыл алып гана бериши керек" - деп эсептейт. Учурда Жогорку Кеңеш айрым долбоорлорду жакшылап талкуулаганга үлгүрбөй кабыл алып, мыйзамдар ошондон улам чийки болуп калып жатат деген. (TSh)

XS
SM
MD
LG