Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

«Москва иши»: Жуков менен Ражабовдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок


Егор Жуков сот залында.
Егор Жуков сот залында.

Москва шаардык соту бүгүн, 16-октябрда Егор Жуков менен Самариддин Ражабовдун бөгөт чарасын карап, тергөө абактагы мөөнөтүн 27-декабрга чейин узартты.

Экономика жогорку мектебинин студенти Жуков менен активист Ражабов быйыл жайында Москва шаарындагы нааразылык акцияларга байланыштуу камакка алынган.

Аларга «калайман баш аламандык уюштурган, экстремизмге, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырган, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгон» деген айып коюлган. Экөө тең күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Быйыл жай айында Москва шаарында миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн. Демонстранттар өз алдынча, оппозициячыл талапкерлерди шаардык шайлоого каттоону талап кылышкан. Полиция аларды кууп тараткан жана анда жүздөгөн адам камакка алынып, ондогон кылмыш жана административдик иштер козголгон.

XS
SM
MD
LG