Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Украинада экс-башкы прокурорго дагы бир кылмыш иши ачылды


Юрий Луценко.
Юрий Луценко.

Украинада Коррупцияга каршы улуттук бюро мурдагы баш прокурор Юрий Луценкого дагы бир кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, Луценко "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп айыпталып жатат.

Кылмыш иши Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясынын төрагасы Давид Арахмиянын арызынын негизинде ачылды. Ал арызында Луценко бир катар экс-депутаттар менен чогуу "мыйзамсыз казинолор тармагынын акционерлеринин бири" экенин жазган.

Мунун алдында ушундай эле айып менен Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро Луценкого кылмыш ишин козгогон. Юрий Луценко мындай айыптын баарын четке кагууда.


Ал 2005-2006-жылдары ички иштер министри, ал эми 2016-2019-жылдары баш прокурор кызматында турган. Ошондой эле Жогорку Раданын бир канча чакырылышында депутат болгон.

Буга чейин дагы айрым бир коррупциялык иштерде, чуулгандуу жагдайларда Луценконун аты аталган.

Луценко баш прокурорлук кызматтан ушул жылдын август айында, Жогорку Раданын жаңы курамы шайланып келгенде кеткен.

Андан эки ай мурда президент Владимир Зеленский Луценкону иштен кетирүү тууралуу токтомго кол койгону менен бул чечимди парламенттин ал кездеги чакырылышы колдобой койгон.

XS
SM
MD
LG