Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Жапониядагы бороондо өлгөндөр бери дегенде 77 адамга жетти


Жапонияда катуу бороондон улам жашоо менен кош айтышкандардын саны бери дегенде 77 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлап, 10 кишинин дайыны табылбай жатканын, 350дөй адам ар кандай жаракат алганын маалымдады.

12-октябрда күчөгөн «Хагибис» бороону Жапониянын Тынч океандын жээгиндеги негизги бөлүгүнө, Хонсю аралына апаат алып келди. Курман болгондордун жана жабыркагандардын көбү Фукусима жана Мияги аймактарында. Издөө куткаруу иштерине 110 миңден ашуун адам катышууда, арасында өлкөнүн коргонуу күчтөрүнүн аскерлери да бар.

XS
SM
MD
LG