Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Чек арадагы кооптуу мектептер маселеси парламентте козголду


Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы жараксыз мектептер маселеси чечилбей жатат. Бул тууралуу 17-октябрда парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова айтты.

Депутаттын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы жалпысынан сегиз мектеп авариялык абалда деген бүтүм чыгарган.

- 2015-жылы ӨКМ жараксыз деп тапкан Өзбекстан менен чектешкен төрт жана Тажикстан менен чектешкен жердеги төрт мектеп бар. Булардын бирөө да капиталдык курулуш планына кирген жок. Бул мектептерди жыл сайын айта берип, алар кат жаза берип чарчап да бүттүк. ӨКМ «авариялык абалда, балдар окуганга мүмкүн эмес» дегенден кийин эгер кокусунан жер титирөө болсо ким жооп берет?

2019-жылдын эсебинде Кыргызстандын аймагындагы 111 мектепте курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашкан.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар. Алардын 200гө жакыны эскилиги жеткендиктен авариялык абалда экени расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG