Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Евробиримдик күзгү саммитке чогулууда


Албаниянын премьери Эди Рама жана Еврошаркеттин коммиссары Йоханнес Хан. Брюссел, 17-октябрь, 2019-жыл.
Албаниянын премьери Эди Рама жана Еврошаркеттин коммиссары Йоханнес Хан. Брюссел, 17-октябрь, 2019-жыл.

Брюсселде 17-октябрда башталып жаткан саммитте Евробиримдиктин лидерлери Британиянын шаркеттен чыгуу аракеттерин, Түркиянын Сириядагы операциясын жана блоктун кеңейишине байланышкан маселелерди талкуулашмакчы.

Бул ирет Брекзит боюнча кандайдыр бир расмий документ кабыл алынбайт деп күтүлүүдө.

Түркия маселесинде биримдик буга чейин Анкарага курал сатууну гана чектеп, эмбаргону мындан аркы жазалоочу чара катары караштырарын билдирген.

Жыйында ошондой эле шаркеттин узак мөөнөттү бюджети каралмакчы. Британия андан чыгып кетсе, анда орток казынага жылына 13-15 миллиард долларга аз каражат түшүп калат.

Самиттин күн тартибине кеңейүү процесси киргизилген. Ушул аптада Албания менен Түндүк Македониянын мүчөлүк процессин баштоо планы колдоо таппай калган.

XS
SM
MD
LG