Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

«Азаттыктын» оператору Ош шаардык милициясына чакырылды


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

Айбек Кулчумановго келген эки чакыруунун биринде күбө катары жабырлануучу менен беттешүү үчүн 19-октябрда күндүзгү саат 10:00дө милицияга келиши керек экендиги айтылат.

Бул чакыруу Руслан Матраимовдун үйүндөгү «дрон башыма түштү» деп арызданган бакчада иштеген жумушчунун ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Экинчи чакыруу ушул эле күнү саат 16:00 гө белгиленип, Айбек Кулчумановдун арызынын негизинде козголгон (Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пункту - «Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») кылмыш ишине байланыштуу жиберилген.

Анда Кулчуманов жабырлануучу катары кошумча сурак жүргүзүү жана кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакырылганы көрсөтүлгөн.

28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарында дрон аркылуу материал тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Ал Бишкекке келип, ооруканалардын биринде дарыланып чыкты. Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Мындан тышкары Руслан Матраимовдун бакча жумушчусу Ооматбек Абдыкадыр уулу башына дрон кулап келип түшкөнүн айтып, милицияга арыз жазган.

Бул боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгы өткөн жумада жарыяланды. Анда Кулчуманов жараат албаганы, ал эми Абдыкадыр уулуна башынан жараат алды деген жыйынтык чыгарылганы белгиленген.

Буга чейин «Азаттык» радиосу коопсуздук маселесинен улам бул ишти иликтөөнү Ош шаарынан Бишкекке өткөрүп берүүнү суранып, ИИМге жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG