Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Каталониянын эгемендигин жактагандар менен полиция кагылышты


Барселона, 16-октябрь, 2019-жыл.
Барселона, 16-октябрь, 2019-жыл.

Бейшембиге караган түнү Барселона шаарында Каталониянын өз алдынчалыгын жактаган демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты. Нааразылык акцияларынын үчүнчү күнүндө тартылган видеотасмадан шаардын борбордук көчөлөрүндө машиенелер жана таштанды челектери күйүп жатканын көрүүгө болот. Тирешүүнүн күчөп кетишине полициянын 50дөн ашуун демонстрантты кармаганы түрткү берди.

Испаниянын курамындагы бул аймактын жергиликтүү өкмөтүнүн башчысы Ким Торра зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Каталониядагы мындай каршылык акцияларына жикчил лидерлердин эркиндиги чектелип, абакка кесилиши себеп болду.

14-октябрда Испаниянын Жогорку соту жикчилдердин тогуз лидерин 9 жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыраткан. Аларга Каталониянын эгемендиги боюнча 2017-жылы өткөн референдумда «элди өкмөткө каршы тукурган» деген айып коюлган болчу. Соттолгондордун бардыгы айыптарды четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG