Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Конгресс Рахмонду «Озоди» радиосунун маселесин чечүүгө үндөдү


АКШ Конгрессинин каты.
АКШ Конгрессинин каты.

АКШ Конгресси Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жазган катында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик бюросунун («Озоди») журналисттерин куугунтуктоо, коркутуп-үркүтүү тууралуу кабарларга жана аларга аккредитация берилбей жатышына байланыштуу кабатыр экендигин билдирди.

Демократтардын өкүлү Адам Шифф жана республикачыл Стив Чабот кол койгон катта белигиленгендей, эркин жана көз каранды эмес басма сөздүн өнүгүшүн жактаган жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосун каржылаган Конгресс АКШ менен Тажикстандын мамилелерине залака тийгизиши, Тажикстандын аброюна көлөкө түшүрүшү мүмкүн болгон кырдаалга тынчсызданат.

9-октябрдагы катта ошондой эле бүгүнкү күндө «Озоди» радиосунун 9 журналисти жана кызматкери Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилчү аккредитациянын жоктугунан улам иштей албай жатышканы белгиленген.

Ошондой кызмактерлерди арасында Дүйшөмбү бюросунун башчысы жана 2017-жылдан бери ТИМден уруксат күтүп жаткан журналист бар. Быйыл июнда Тажикстандын тышкы саясат мекемеси оператор Баротали Назаровдун аккредитациясын кайтарып алды. Дагы 9 кызматкердин аккредитациялары ноябрдын аягында соңуна чыгууда.

Катта «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кызматы журналистиканын эл аралык стандарттарын карманышары, алардын миссиясы так маалымат берип туруу экени белгиленет.

Аягында каттын авторлору Тажикстандын президентин «Озоди» радиосунун ишмердигин уланттырууга жана кызматкерлеринин аккредитация алышына көмөк көрсөтүүгө үндөшөт.

2016-жылы президент Рахмондун кызы Тышкы иштер министрлигинде жаңы кызматка дайындалганы жөнүндөгү макала жарыялангандан кийин «Озодинин» алты кызматкеринин аккредитациясы артка кайтарылган.

XS
SM
MD
LG