Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин атады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүмүн кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы соңку кездери 80 пайызга азайтылды. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда айтты.

Жээнбеков президенттикке талапкер кезинде аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга убада бергенин эске салып, алардын кайсылары аткарылганын тизмектеп берди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, дотациялуу аймактарда экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынуучу салыктан бошотулду. МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Технологиялык жабдуу импорттогон ишкерлер бажы төлөмүн төлөбөй калышты. Өндүрүмдү сертификаттоо боюнча жаңы лабораториялар курулду.

- Былтыр «РСК Банк», «Айыл Банк» жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду 25 млрд., быйыл 19 млрд. сомдон ашык насыя берди. Долбоорлордун 80% аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталган. Мындан тышкары, ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк жалпы суммасы 5,5 млрд. сомдук 11 миӊден ашык айыл чарба насыясын берди. Быйыл ФСХ-7 программасы боюнча 5 млрд. сомдук 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди, - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп туура эки жыл мурда шайланган. Быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG