Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Москвадагы акцияга катышкандардын бири өлкөдөн чыгып кетти


Айдар Губайдуллин.
Айдар Губайдуллин.

«Москва иши» боюнча айыпталып жаткандардын бири, программист Айдар Губайдуллин Орусиядан кетти. Бул тууралуу адегенде адвокаты билдирип, кийин өзү «Фейсбукка» жазды.

25 жаштагы Губайдуллин мындай чечим кабыл алуу оңой болбогонун, бирок акыркы окуялар аны өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылганын жазып, Орусия сөзсүз эркин өлкө болот деп ишенерин айтты. Ал кайсы өлкөгө кеткени маалымдалган жок.

Губайдуллин 27-июлда Москвадагы нааразылык акциясында полиция тарапка бош желим шише ыргыткандыгы үчүн айыпталууда. Бийлик ал акцияларды массалык башаламандык катары сыпаттаган.

Губайдуллин СИЗОдо бир нече күн отуруп, өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат жазып бергенден кийин чыгарылган.

Буга чейин «Москва иши» боюнча 6 киши эркинен ажыратылып, дагы бирөө шарттуу кесилди. Шаршембиде болсо дагы 4 шектүү соттун чечими менен кармалды.

«Мемориал» укук коргоо уюму Губайдуллинди жана башка камалгандарды саясий туткундар деп тааныган.

Жай айларында орус баш калаасында уруксат берилген жана берилбеген жүрүштөр болгон. Демонстранттар Москвадагы муниципалдык шайлоого өз алдынча жана оппозициячыл талапкерлердин катталбай калышына нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG