Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

18-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 15…17° болот.

XS
SM
MD
LG