Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

БШК: Кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн графигин жарыялады. Ага ылайык, шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынат.

Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика Ата-Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген. (RK)

XS
SM
MD
LG