Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

УКМК: Ишкердин машинесине баңгизат таштаган эки милиционер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте ишкердин бизнесин рейдерлик жол менен тартып алууга шарт түзүүгө тиешеси бар деген шек менен милициянын эки кызматкери кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар ишкердин машинесине мурдагы жубайы менен сүйлөшүп алып 32 грамм баңгизат таштап коюп колго түшүргөн. Ишкерге карата куугунтук уюштурулган. Окуя быйыл февраль айында болгон.

Кармалган милиция кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери экени аныкталды. Экөө тең №1 тергөө абагына камалды.

Кылмышка шектүүлөрдүн тарапкерлери же жактоочулары азырынча УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Күч түзүмдөрүндөгү паракорлукту жоюу маселеси 2018-жылы 8-февралда Коопсуздук кеңешинин президент Сооронбай Жээнбеков катышкан жыйынында көтөрүлгөн. Анда ички иштер органдары эки жылда 65 миң кылмыш иш козгосо, 30% гана сотко өткөнү, ал эми сотко жиберилген иштердин 44% боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG