Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

Аскар Акаев: Кыргызстанга кайтып келишимди каалагандар көбөйүп жатат


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Кыргызстандын биринчи президенти, 2005-жылы 24-мартта болгон окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев жергиликтүү «Азия Ньюс» гезитине маек куруп, Кыргызстандагы саясий абал, айрым саясатчылар жөнүндө пикирин билдирген. Анда Акаев кийинки убакта анын мекенине кайтып келишин каалагандар көбөйүп жатканын айткан.

«Акыркы учурда менин Кыргызстанга кайтып келишим жөнүндө талкуулар көбөйдү. Демек, менин кайтып келишимди каалагандар көбөйүп жатат десем болот. Адамдар жазып, телефон чалып, кайтып келүүгө мезгил жеткенин айтып жатышат», - деген Акаев.

Акаев Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр экенин, бирок оппоненттери өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жиберишин каалабасын айткан. Ошондой эле Акаев азыркы президенттин саясатына оң баа берген.

Мындан үч-төрт ай мурда Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат тараткан.

Анда буга чейин Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фондуна, уулу Айдарга жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгону айтылат. Аталган орган мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскерткен.

Ага чейин президенттин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтканы боюнча маалымат тараган. Аскар Акаев кызы туулган жерине туугандары менен учурашуу үчүн келгенин түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG