Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Мирбек Айтикеев Швецияда экени кабарланды


Мирбек Айтикеев.
Мирбек Айтикеев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин жеке булактар маалымдады. Бирок, анын качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү расмий органдар бул маалыматты тастыктай элек.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экени маалымдалган.

Ага чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Мирбек Айтикеев журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылышы мүмкүн экенин билдирген.

Журналист Мирбек Айтикеев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетиш үчүн келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келгенин биринчилерден болуп коомчулукка жарыялаган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG