Казакстанда журналист жана активист Жанболот Мамай, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Түлеген Жукеев, укук коргоочу Сергей Дуванов жана журналист Асел Жанабаева жаңы саясий партия түзүү тууралуу пландарын жарыялашты.
16-октябрдагы басма сөз жыйынында демилгелүү топ болочок партиянын саясий платформасын активисттер менен кошо талкуулоого даяр экени айтылды.
Басма сөз жыйынынын катышуучулары жаңы Конституцияны иштеп чыгууну, саясий реформа жүргүзүүнү, тынч митингдерди өткөрүүнү, саясий партиялар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү максат кылышарын айтышты.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, партияны катташ үчүн ага 40 миңден кем эмес мүчө кириши керек. Ушу тапта өлкөдө алты партия катталган, үчөө парламентке кирген. Алар - экс-президент Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган «Нур Отан», бийликчил «Ак жол» жана Коммунисттик партиялар.
«Жалпы улуттук социал-демократиялык партия» өзүн оппозиция деп атайт. Жаңы партия «Казакстандын демократиялык партиясы» деп аталмакчы.