Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:00

Анталиядагы миграция департаментинин башчысы кыргызстандыктарга жолукту


17-октябрда Түркиянын Анталия аймагындагы кыргызстандык мигранттар аймактын миграция департаментинин жетекчиси Гөзде Өзкорул жана Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чарада мигранттар эмгек визасы жана туруктуу жашоого виза алуу жараянындагы маселелер боюнча суроо узатышты.
Анталиянын миграция департаментинин өкүлдөрү жыл сайын бул аймакта мигранттар көбөйгөнүн, расмий эмгек визасы менен иштөөнүн милдеттерин түшүндүрүп, Анталиядагы чет өлкөлүк мигранттардын виза алуу жараяны боюнча маалыматтар берилди. Кыргызстандыктар жетекчиге маселелери тууралуу суроолорун берип расмий өкүлдөн жооп алышты.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча бул аймакта 2018-жылы 76 миңге жакын чет өлкөлүк мигрант расмий катталган. Алардын 6 миңге жакыны Кыргызстандын жарандары. Бирок расмий эмес туристтик виза менен иштеген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат. Алар негизинен тейлөө кызматтарында, балдарды же кары кишилерди карап иштешет.

Ал эми жалпы Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG