Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

АКШ менен Түркия Сириядагы операцияны токтотууну макулдашты


Режеп Тайып Эрдоган менен Майкл Пенс.

АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясынын операциясын убактылуу токтотууну макулдашты. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Майк Пенстин жолугушуусунан кийинки басма сөз жыйынында айтылды.​

Түркиянын чабуулу убактылуу 120 саатка токтотулду. Бул убакытта күрддөрдүн куралдуу кошуундары аскердик операция болуп жаткан аймактан чыгып кетиши керек. Белгиленген убакыттан кийин Анкара өз операциясын аягына чыгарат.

Пенстин айтымында, Вашингтон Анкарага жаңы санкцияларды киргизбейт. Ал эми чабуулдар токтогондон кийин мурунку санкциялар алынып салынышы мүмкүн.

«Түркиядан сонун жаңылык! Миллиондогон өмүр куткарылат», деп жазды АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына.

Эрдоган менен Пенстин жолугушуусу эки сааттан ашык созулду. Буга чейин Эрдоган алар менен жолугушпай турганын айтып, бирок кийин кайра планын өзгөрткөн. Түрк президенти АКШнын санкцияларынан коркпой турганын да айткан эле.

9-октябрдан бери Түркия Сириянын аймагында күрд кошуундарына каршы операция жүргүзүп жатат. Түрк бийлиги чек арадан 30 чакырым аралыктагы жерде «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жерди күрд террорчуларынан тазалоону көздөгөнүн айткан.

Анкара террорчу деп эсептеген «Сириянын Демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы урушта АКШнын өнөктөшү болуп келген.

Өткөн жумада президент Трамп түрк чек арасына жакын чөлкөмдө жайгашкан Сириядагы америкалык аскерлерди чыгарууга буйрук берген жана Вашингтон Анкаранын пландалган жортуулуна кийлигишпей турганын айткан. Операция башталгандан бери 120 миңдей киши жер которууга аргасыз болду. Эрдоган эл аралык коомчулуктун чакырыктарын четке кагып операция максатына жетерин айтып келатат.

XS
SM
MD
LG