Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Жети-Өгүздө прокурор менен тергөөчү пара алып жаткан учурда кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайра кайтарып жаткан учурда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары (А.Н.К.) жана Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү (Б.Э.Б.) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Иликтөөдө такталгандай, прокурор тергөөчү менен бирге Кыргызстандын жаранынын (Э.А.) кылмыш ишин кыскартыш үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармоо операциясын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы менен Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү чогуу жүргүзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG