Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Аброр Азимов: көрсөтмөнү менден кыйнап, мажбурлап алышкан (видео)


Айыпталгандардын бири Аброр Азимов кармалгандан кийин, 18-апрель, 2017-жыл.
Айыпталгандардын бири Аброр Азимов кармалгандан кийин, 18-апрель, 2017-жыл.

Санкт-Петербургда сотто терракт уюштурууга айыпталып жаткан теги кыргызстандык Аброр Азимов ФСБнын кызматкерлери аны катуу кыйнап, баштапкы көрсөтмөсүн коркутуп, мажбурлап жаздырышканын айтып, өзүнө тагылган айыптардын баарын четке какты.

Учурда Петербургдагы Ленинград аймактык аскердик сотунда 2017-жылы болгон метродогу жардыруу боюнча иш каралууда. Кылмышка шектүү катары Абрордон тышкары анын агасы Акрам Азимов менен дагы 9 киши бар.

Аброр Азимовдун кармалганы тууралуу ФСБ Петербургдун метросундагы жардыруудан эки жума өткөндөн кийин кабарлап, видео тараткан. Азимовдун туугандары бул оперативдүү тасма атайылап тартылып, монтаждалганын айтып келишет.

Санкт-Петербургдагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү “Кресты -2» тергөө изоляторуна барганда Аброр Азимовдун өзү менен сүйлөшкөн. Азимов анын кармалышы расмий жарыяланганга чейин эки апта мурда эле ФСБнын кызматкерлери аны белгисиз бир жертөлөдө электр тогу менен кыйнашканын айтып берген.

Абрордун агасы Акрам Азимов расмий маалыматтар боюнча Москванын чет жагындагы коомдук аялдамада кармалган. Оперативдүү тасмада ал ылдый жакты карап, эки колун чөнтөгүнө салып отурганын, ага ФСБнын кызматкерлери чуркап барганда деле эч бир чоочуп койбой, камырабай туруп берген. Кийин анын сумкасындагы гранатаны көрсөтүп коюшкан. Азимовдун мурунку адвокаты Ольга Динзе бул видео да атайылап тартылган деп эсептейт.

Петербургдун метросундагы жардыруу 2017-жылы 3-апрелде болгон. Анда 16 адам каза таап, жүздөн ашык киши жаракат алган. Тергөө комитети жардырууну 22 жаштагы Акбаржон Жалилов аткарган деп билдирген. Тергөө ал бир террордук уюмдун мүчөсү болгонун, Сирияда атайын даярдыктан өткөнүн айткан. Азимовдор Жалиловго көмөк көрсөткөн деп айыпталышууда. (LzT\ErN)

XS
SM
MD
LG