Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Ооганстанда мечиттеги жардыруу 30дай кишинин өмүрүн алды


Кабулдагы мечиттеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 24-май, 2019-жыл.
Кабулдагы мечиттеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 24-май, 2019-жыл.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде жума намазы учурунда болгон кош жардыруу кеминде 30 кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны жүздөн ашты.

Жергиликтүү бийлик өкүлү Сохраб Кадеринин айтымында, курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Учурда урандылардын алдынан адамдарды издеп-куткаруу иштери жүрүп жатат. Жардыруудан мечиттин чатыры урап түшкөн. Азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек.

Нангархар провинциясында «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочулары бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча 30-июнга чейин бул өлкөдө куралдуу кагылыштарда, кол салууларда 1 миң 366 жайкын тургун ажал тапты, дагы 2 миң 446 киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG