Бүгүн, 18-октябрда тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу башталды. Оштун шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат.
Бешинчи жылы катары менен өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан болуп 7 жаштан 70 жашка чейинки 200гө жакын спортчу катышууда.
Мелдеш 21-октябрь күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат. Шаардын учурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов.
Ушул жылы Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча мелдешке Ош шаарынын командасы дагы катышып, жалпы эсепте 2-орунду камсыз кылган. (MdN\ErN)