Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Абылгазиев: бюджеттин үчтөн бир бөлүгү пенсияга кетет


Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарада. Бишкек. 18-октябрь, 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарада. Бишкек. 18-октябрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы аталган тармактагы кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, жарандарды социалдык жактан колдоп, коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин эске салды. Ал өзүнүн пикирин өлкө бюджетинин үчтөн бир бөлүгү социалдык тармактарга жумашалары менен негиздеди.

“Быйыл социалдык чөйрөгө 10,3 млрд сом бөлүнүүдө. Жакында биз келерки жылдын бюджетин алып чыгабыз жана бул санды 11,9 млрд сомго чейин жеткирсек дейбиз. 50 млрд сом пенсияга бөлүнөт, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 161 млрд сом болсо, анын жарымына жакыны жарандарды социалдык жактан коргоого жумшалат. Бул биз мамлекеттик саясаттын туура багытын тандап алганыбыздын далили”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жыйында ишинен өзгөчөлөнгөн социалдык коргоо чөйрөсүнүн жана профсоюз кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Аталган кесиптегилердин майрамы – 19-октябрь ишемби күнгө туш келгендиктен салтанат 18-октябрда белгиленди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 365,2 миң адамды түзсө, пенсия алуучулардын саны 695 миң адамга жеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG