Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Ташкентке жөө бараткан журналист эркинен шарттуу түрдө ажыратылды


Өзбекстандык журналист Махмуд Ражаб аялы менен.
Өзбекстандык журналист Махмуд Ражаб аялы менен.

Өзбекстанда акын жана блоггер Махмуд Ражаб 18-октябрда «коомдук тартипти бузганы» жана «аткезчилик менен алектенгени» үчүн эки жыл, үч айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Махмуд Ражабга быйыл жазында Түркиядан өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин китептерин алып келгени үчүн кылмыш иши козголгон эле. Журналист күнөөсү жок экенин айтып келет.

Жергиликтүү милиция 21-сентябрда журналистти үйүнөн кармап кеткенге аракет кылган. Бирок Ражабдын кошуналары, туугур-уругу каршылык көрсөтүп, аны карматпай коюшкан.

Андан соң Ражаб тарапташтары менен бирге Хорезмден Ташкентке жөө жөнөгөн. Бирок Хорезм облустук милициясы «митинг жана тынч жыйындар тууралуу мыйзамды бузду» деген кине менен акциянын 20дай өкүлүн кармап кеткен. Алардын көбү административдик жоопкерчиликке тартылган. Жүрүштү чагылдырган 32 жаштагы мугалим Нафосат Оллашүкүрова алгач 10 күнгө камалып, андан соң психоневрологиялык диспансерге мажбурланып жаткырылган.

Журналисттерди коргоо комитети расмий Ташкентти блоггерди токтоосуз бошотууга чакырган. Бирок ал ушул күнгө чейин ооруканада.

XS
SM
MD
LG