18-октябрда Лефкоша шаарында кыргызстандык Гулнафис Мергенбаева, Улан Жалиев, Ырысбай Толонов, Абдували Буранбаев жана Сталбек Токтоевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Салтанаттуу аземге Түркиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Фаиз Сужуоглу жана Түндүк Кипрдин расмий өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандык сүрөтчүлөр көргөзмөдө мекендин жаратылышын, маданиятын жана тарыхын чагылдырган 25 чыгарманы коюшкан.
Көргөзмө "Кипр заманбап искусство музейинде" 25-октябрга чейин уланат.
Буга чейин Түндүк Кипрда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бир канча көргөзмөсү ачылган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кипрдин түндүк аймагында 1,5 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. (ElB)