Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилери менен министрликтин коомдук кеңешинин отурумунда белгилүү болду.
ИИМдин Укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Жангабыловдун маалыматына караганда, жаңы ачылчу борбор адамдарды, алардын жүздөрүн таануу, көчүрүп алуу менен коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштардын бетин ачууга мониторинг жүргүзөт.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев «Борборлоштурулган командалык борборду» ишке ашыруунун алкагында шаардык милицияда мониторинг борбору ишке кире турганын айтты.
ИИМдин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, аталган борборго шаардык милициянын кызматкерлеринин төшүндөгү видеокамерасынан жана кызматтык автоунаадагы видеокамерадан маалыматтар келип түшөт.
- Борбордун негизги максаты - кызмат өтөөнүн сапаттуулугун онлайн көзөмөлдөө, зомбулукту колдонуу факторлорун жоюу, коррупцияны жок кылуу, кызматкерлер менен жарандардын ортосундагы чыр-чатакка бөгөт коюу, - деди Жумагазиев.
Андан тышкары жыйындын жүрүшүндө ушул жылы элдин милицияга болгон ишениминин деңгээли 15 пайызды түзгөнүн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга жогору экени айтылды. (BTo)